super.kg logo

Жети-Өгүздө дагы эки имамга умрага жолдомо берилди

 

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын имамы Жолдошбек Өмүркановго жана Жеңиш айылынын имамы Эсенкул Кутунаевге умра сапарына жолдомо тапшырылды. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Тилекмат айылынын имамына көп жылдан бери айыл үчүн кылган эмгегине ыраазычылык катары айыл тургундары акча чогултушуп, жубайы экөөнө умра жолдомосун белек кылышты.
"Эмгегибизди баалап, ыйык жерге жолдомо алып беришкен айылдаштарыма ыраазычылык билдирем. Жараткан Алла Таала айылыбызга көптөгөн жакшылыктарын берсин. Ортобузда дайыма ынтымак, биримдик, аманчылык ыроолосун", — деп ыраазычылылыгын билдирди имам.
Ал эми Жеңиш айылынын имамы Эсенкул Кутунаевге умра жолдомосун маркум Камчыбек Үкүевдин балдары атасынын атынан белек кылышты. Имам белекке ыраазы болуп, батасын берди:
"Камчыбек байке айылыбызга көптөгөн жакшылыктарды кылып жүргөн эле, эми силер мынтип бизге эң жакшы белекти ыйгарып отурасыңар. Алла Таала ыраазы болсун, ырыскыларыңарга береке берсин".
Жолдомолорду Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Таланбек Акылбек уулу тапшырып, имамдардын аман-эсен барып келүүлөрүн тилеп, ак жол каалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: