super.kg logo

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов ОшМУнун студенттерине жана окутуучуларына лекция окуду

 

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 4-мартта, Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунун студенттерине, магистранттарына жана профессордук-окутуучулук курамына “Улуттук идеология жана жаштар” деген темада лекция өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Онлайн форматында өткөн лекцияда Мамлекеттик катчы угуучуларга кыргыз элинин тарыхый мурасы, салт-санаасы, үрп-адаттары, ошондой эле философиясы жана идеологиясы тууралуу кеңири маалымат берди. Ал жаштар үчүн бул баалуулуктарды түшүнүү жана урматтоо маанилүүлүгүнө токтолду. Мамлекеттик катчы студенттерди жана магистранттарды өз элинин маданий мурастарын активдүү изилдөөгө үндөдү.

ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков жана Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Ботоноев билим берүү тармагына жана илимий чөйрөгө кошкон баалуу салымы үчүн Сүйүнбек Касмамбетовго чын жүрөктөн ыраазычылыктарын айтышты. Мындан аркы кызматташууга ишенимин билдиришип, анын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: