Бүгүн Бишкектин айрым конуштарында таза суу болбойт
Бүгүн, 5-мартта Бишкектин үч конушунда суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынанбилдиришти.
Маалым болгондой, 5-мартта саат 9:00дөн 15:00гө чейин Энесай, Дордой - 1, Дордой - 2 конуштарындагы турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык, тиричилик жана өндүрүштүк объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.
Ага ылайык, суу "Энесай" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
"Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.