Активист Мелис Аспеков жети жылга эркинен ажыратылды
Активист Мелис Аспеков күчөтүлгөн режимде 7 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу анын уулу Аалы Аспеков Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Ал атасы соттун чечимине макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылышарын тактады.
Белгилүү болгондой, мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан кабыл алынган.
Эске салсак, Аспеков 2023-жылдын январь айында кармалып, 23-майда президенттин “Соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө” жарлыгы менен колониядан бошотулган.
Бирок ошол эле жылдын сентябрында ал кайрадан массалык баш аламандыкка даярданган деген айып менен кармалган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.