Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленет



Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө иш-чаранын планына тиешелүү маселелер жана башка уюштуруу маселелери талкууланды. Акылбек Жапаров бул мааракелик датанын өлкө үчүн өзгөчө маанисин баса белгиледи.
“Быйыл биз Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилейбиз. Бул тарыхый учур, биз тарыхка таазим кылабыз. Быйыл өлкөдө 100 ири объекттин ачылышы күтүлүүдө, анын ичинде Чүй облусунда цемент заводу, электр станциялары жана башка долбоорлор. Жалпысынан долбоорлор 10 миллион доллардан 500 миллион долларга чейин. Июнь айында инвесторлор менен жолугушуу пландалууда, биз Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун экинчи этабын баштайлы деп жатабыз", - деди Жапаров.
Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу комитетинин мүчөлөрү иш-чаранын планынын концепциясын бекитишти.
Мааракелик иш-чаралардын алкагында 30дан ашык иш-чара пландаштырылган, анын ичинде мааракелик төш белги, тыйын, почта маркаларын чыгаруу, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө маданий иш-чараларды өткөрүү, китептерди басып чыгаруу, тарыхый тасмаларды жана театралдык спектаклдерди коюу, форумдарды, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, илимий-билим берүү конференцияларды жана симпозиумдарды өткөрүү.
