super.kg logo

Эртең кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү жайында убактылуу чектөөлөр киргизилет

 

Эртең, 6-мартта кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрүү жайында убактылуу чектөөлөр киргизилет.Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматта мындай чара "Кыргызтелеком" ААК байланыш тармактарында оңдоо-калыбына келтирүү боюнча профилактикалык жумуштардын жүргүзүлүүсүнө байланыштуу экени айтылат. Мындан улам саат 9.00дөн 14.00гө чейин "Ак-Тилек-автожол" көзөмөл өткөрүү жайында адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүүдө убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.

Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандардан жол жүрүү багытын жана убактыларын алдын ала пландаштырып алууларын суранат.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан башка чек ара өтмөктөрү штаттык режимде иштейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: