super.kg logo

Бишкекте чөнтөкчүлөр кармалды. Шектүүлөрдүн бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү

 

Бишкекте бир катар чөнтөк уурулук жасаганга шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдиргендей, 26-февралда Биринчи май РИИБине У.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү Лермонтов көчөсүндө коомдук транспорттон капчыгын 11 миң сому жана документтери менен уурдатканын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдор) ылайык кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1989-жылы туулган Н.А., жана 1988-жылы туулган Д.А.ны изи сууй электе кармаган. Алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турары аныкталган. Кармалган жарандар Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилди.

Тинтүү урунда жабырлануучуга таандык болгон документтери менен 11 миң сому бар капчык жана Xiaomi Redmi Note 12 Pro, Infinix үлгүсүндөгү телефондор табылган.

Милиция табылган уюлдук телефондордун ээлери дагы арыз менен кайрылганын аныктаган.

Ошондой эле алардын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги такталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: