Казакстан Кыргызстанга гумжардам катары 2 миң тонна дизель жөнөттү
Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 2 миң тонна дизель майын жөнөттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.
Маалыматка караганда, тапшырманы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев берген. Буга чейин гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 1000 тонна дизель майы 28-февралда келген эле. Ал эми ушундай эле гумжардамды Түркмөнстан, Өзбекстан, Орусия өлкөлөрү дагы жөнөтүшкөн.
Эске салсак, 2-февралда Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, беш киши жабыркаган. Учурда кырсыктын себептерин аныктоо боюнча комиссия иш алып барууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.