Америкада эмгектенген Дастан: "Баарынан дагы биздин нанды сагындым"
SUPER.KG порталы чет өлкөдө иштеген мекендештердин жашоо-турмушу менен тааныштырууну улантат. Бул жолку чыгарылыштын каарманы учурда АКШнын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында иштеп жаткан Дастан Сатыбалдиев болмокчу.
Дастан Сатыбалдиев 2001-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн.
- Алгач сөздү дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкө болгон Америкага кандай себеп менен барып калганыңыз жөнүндө баштасак...
- Мен Бишкекте төрөлүп, өстүм. Мектепти дагы борбордо аяктап, жогорку окуу жайды окуп жатканда бул жакка келүүгө чечим кабыл алгам. Келүүмө башкалардай көп деле кыйынчылыктар болгон эмес. Ал жакка барганда "мени эмне күтүп турат" деген коркунучтар дагы болгон жок. Себеби апамдын тууганы үй-бүлөсү менен 5 жыл мурун эле Америкага көчүп кетишкен болчу. Андыктан визам дагы таэжем аркылуу бүткөн десем болот. Америкага келишимдин бир себеби дагы мына ушунда.
- Америкага барыш үчүн чечим кабыл аларда окуп жаткам деп калдыңыз...
- Ооба, окууну таштоого туура келип калды. Мен анда Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинде 4-курста окуп жаткан болчумун. Мен үчүн бир чети оор болду. Анткени окууну бүтүп, диплом аларыма саналуу эле айлар калган. Бирок Америкада мүмкүнчүлүктөр көп, максаттарыма тез жетүү үчүн чечимди көп ойлонбостон кабыл алдым. Азыр бардыгы жакшы. Болгону окууга короткон убактым менен акча каражаттарымды бекер кетирип алдым десем болот. Негизи окуш керек. Бирок ал учурда мага ушундай чечим кабыл алууга туура келип калган.
- Англис тилин билчү белеңиз?
- Жакшы билчүмүн дегенден алысмын. Кыргызстанда жүргөндө курстарга барып калчумун. Бирок жетишээрлик деңгээлде өздөштүргөн эмесмин. Бул жактан үйрөндүм десем болот. Азыр да иш менен катар англис тилинен онлайн курстарды окуп жатам.
- Учурда кайсы шаарында эмгектенип жатасыз?
- Американын эң эски штаты болгон Пенсильванияда жашайм. Жаратылышы биздин өлкөгө окшош. Аба ырайы дагы анча ысык, анча суук болбойт. Айырмачылыгы кар көп жаабайт. Жумушум жөнүндө айтсам, "Sharp" деген компанияда иштейм. Бул компания дары-дармек чыгарат. Менин кызматым ошол дарыларды кутуга салып, экспортко даярдоо.
- Учурда көптөр Америкага кетүүгө аракет кылып жатышат. Сиз дагы мүмкүнчүлүктөр көп деп калдыңыз. Деги эле бул өлкөнүн артыкчылыгы эмнеде?
- Башкалар Американын артыкчылыгы катары эмнени санаарын билбейм. Бирок учурда иштеп жаткан адам катары бир топ артыкчылыктары бар деп айта алам. Албетте, биринчиден иштейм деп келгендер үчүн айлыгы жакшы. Орточо айына 200 миң тапса болот. Ошондой эле бул өлкөдө адамдардын жашоосу үчүн жакшы шарттар түзүлгөнү чоң артыкчылыгы. Коопсуз жагы дагы мыкты. Эң негизгиси америкалыктардын мыкты сапаттары мага жагат. Америкалыктардан өзүңдү изденип табууга үйрөнөсүң. Бул өлкөнүн жашоочуларынын менталитети такыр башка. Мисалы Кыргызстанда менин көптөгөн таланттуу тааныштарым бар. Алар ата-энесинин каалоосу менен өзү кыялданган окуу жайларга окуп, максаттарын ишке ашыра албай жүрүшөт десем болот. Жөн гана ата-энесинин каалоосу болгон окууну гана окушат. Америкада андай түшүнүктөрдүн жоктугу мага жагат. Өзүңдү издөө үчүн мыкты өлкө десем болот. Мен бул жакка келгенде көз карашым өзгөрдү. Эч качан бир нерсени баштоодо кеч болбостугун түшүндүм. Эркиндиктин даамы накта ушул жакта. Мен мунун бардыгын Американын жана америкалыктардын артыкчылыгы деп эсептейм.
- Анан өзүңүзгө жаккан өлкө менен толук тааныштыңызбы?
- Мен бул өлкөнү кыдырып деле көрө элекмин. Келгениме 1 жыл эле болду. Буюрса алдыда Америка менен кенен таанышам деген пландарым бар. Өзүм жашаган штат жөнүндө айтсам, өзүнүн кооздугу бар. Биздин өлкөгө окшош. Мындан тышкары Нью-Джерси штатын көрүп келгем. Ал штат Атлантика океаны менен өзгөчө. Аймагы океан менен чектеш. Бирок биздин Ысык-Көлүбүзгө жетпейт.
Кыргызстанды сагындыңызбы?
- Албетте. Баарынан дагы биздин нанды сагындым. Бул жакта нан таттуу болот, анын үстүнө көп жешпейт. Суубуздун даамы дагы сагынтты. Ал эми жакындарымды, досторумду айтпасамда белгилүү да.
- Качан кайтып келсем дейсиз?
-Азырынча толук чечим кабыл ала элекмин. Бирок буюрса 5 жылдан кийин барам деген пландарым бар. Анткени алдыда бул өлкөдө окууну дагы пландаштырып жатам. Бирок азырынча кайсы тармакта окууну чече элекмин. Буюрса жетиштүү каражат топтосом бир чечим кабылдайм. Анткени Америкада окуу кымбат. Жакында акча чогултуп отуруп кыялымдын бири болгон унаа алдым. Андыктан качан кайтып барарымды так чече элекмин. Буюрса барып калсам өз кесибимди улантууга аракет кылам. Мен окуп жүргөндө кесибиме байланыштуу маркетолог болуп дагы иштеп калган жайым бар. Жергиликтүү телеканалдардын биринде да көп эмес убакыт эмгектендим.
кошулду
