Өлкөдө 53 айыл жана конуш газдаштырылды
Өлкө аймагында жалпы 53 айыл, турак жай массиви жана калктуу конуштар газдаштырылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Жыйында Ибраев билдиргендей, кеп болуп жаткан конуштарда 53 миңден ашуун үй, же 270 миңдей адам газга туташуу мүмкүнчүлүгүн алды.
"Бухара газ өткөрүүчү району - Ташкент-Бишкек-Алматы 112 чакырым магистралдык газ түтүгү реконструкцияланып, куруулууда. Ошондой эле 1250 чакырымдан ашык көчө газ тармактары 53 турак жай массивдери жана калктуу конуштар боюнча курулду. 53 миңден ашуун үй ээлерине газга кошулуу мүмкүнчүлүгү берилди. Андан тышкары Бишкек-2, Сокулук, Токмок, Кант газ бөлүштүрүүчү станциялары, Бишкек-Кант-Токмок бөлгүчүнүн 62 чакырым газ түтүгү реконструкцияланды", - деди Ибраев.
Министр жалпысынан аткарылган иштердин натыйжасында 2014-жылы газдаштыруу деңгээли 22 пайызды түзсө, 2023-жылы бул көрсөткүч 38 пайызга жеткенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, комитеттин бүгүнкү жыйынында 2023-жылдын 16-майындагы "Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу жана газдаштыруу жөнүндө" чечиминин аткарылышы тууралуу маалымат угулду.



