super.kg logo
  Саясат  

Коомдук жайда тамеки тарткандарга айып пул үч эсеге жогорулады

 

Бүгүн, 5-мартта өлкө башчы Садыр Жапаров коомдук жайларда тамеки тартуу үчүн айып пулду көбөйтүүнү сунуштаган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, белгиленбеген жерлерде чылым чеккендерге айып пулдун өлчөмү көбөйтүлөт. Эми эреже бузгандар 1000 эмес, 3000 сом төлөйт.

Ошондой эле 16 жашка чыга элек балдарга тамеки саткан жеке жактарга 5500 сом, юридикалык жактарга - 17 миң сом айып пул салынат.

Тамеки, анын ичинде электрондук чылым чегүүгө ылайыкталган атайын жайларды жергиликтүү бийлик аныктайт. Аэропорт, вокзал жана жумуш орундарында тамеки тартууга тыюу салынат. Бирок бул жакта да чегүү үчүн өзүнчө жайлар болушу шарт.

Мыйзам долбоору депутаттар Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев, Акылбек Түмөнбаев тарабынан демилгеленген.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-январда кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: