Бишкекте базарлардын биринде саркынды суулардын агындысы аныкталды





Орто-Сай базарынын соодагерлери саркынды суулар арыкка агып жатканы боюнча маалымат беришкен. Окуя болгон жерге муниципалдык инспекциянын кызматкелери барып, Сүйөркулов көчөсүнүн 3а дарегинде жайгашкан кафелердин биринен мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, юридикалык жак А.С.Щербаковго "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 2-бөлүгүнүн 179-беренесине ылайык протокол түзүлүп, 17 миң сом айып салынган.
Ага ылайык, инспекторлор Ленин районунун Люксембург жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде унаалардан чыккан саркынды суулар агып жаткан скважинаны аныкташкан. Аталган факты боюнча "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 179-беренесинин 2-бөлүгү менен протокол түзүлүп, 5 миң 500 сом айып салынган.
Белгилей кетсек, буга чейин бул жаран борбор калаанын Ленин районундагы жер астындагы скважинага саркынды сууларды агызганы үчүн да айып пул салынган.
"Иш-чаранын жүрүшүндө мындай аракеттердин кайталанбашы үчүн мыйзам бузуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кайталанган учурда мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин 179-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде жерди айдоо, көчөттөрдү кыйуу жана бузуу, чөптөрдү алуу же топурак казуу, кирүүчү жолдорду өз алдынча куруу же автомобиль жолунун тилкесиндеги бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өндүрүштүк, мелиоративдик жана саркынды сууларды дренаждык тутумдардын курулмаларына жана запастарына агызуу жеке жактарга 5 миң 500 сом өлчөмүндө, юридикалык жактарга 17 миң сом өлчөмүндө айып салууга алып келет.
