Бишкекте күндүн жылышы: Мэрия шаардыктарга кайрылды

Кайрылуусунда мэрия шаардыктарды муздардан улам имараттардын түбү менен баспоого чакырды.
"Урматтуу шаардыктар! Борбор калаада абанын кескин жогорулашына байланыштуу сиздерден этият болууну суранабыз.
Кардын эришине жана чатырлардан муздун кулашына байланыштуу кырсыктарды болтурбоо үчүн абайлап, мүмкүн болсо имараттардын дубалдарга жакын баспоону сунуштайбыз.
Имараттардан чыгып бара жатканда чатырларда кар массаларынын, муз жана муздун топтолушуна көңүл буруп, мүмкүн болсо муз бар жерлерди айланып өтүү зарыл.
Балдарга өзгөчө көңүл буруңуз-алардын кооптуу жерлерде болушуна жол бербеңиз, алар менен коопсуздук жөнүндө сүйлөшүңүз.
Урматтуу унаа айдоочулар! Унааңызды чатыры бийик имараттардын жана курулмалардын жанына, муз тоңгон же кар илинип турган жерлерге калтырбаңыз", - деп жазылат мэриянын кайрылуусунда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.