Бишкекте унааларын жашыл аймакка токтоткон айдоочуларга 5500 сомдон айып салынды
Бишкек шаарында унааларын жашыл аймакка токтотуп койгон айдоочуларга 5500 сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Бишкек шаарынын муниципалдык инспекциясы жана жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы биргелешип жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Фрунзе көчөсү, 416 дареги боюнча жашыл аймакка унааларын токтоткон жарандар аныкталган.
Аларга карата “Укук бузуулар жөнүндө” кодекстин 179-беренесинин 2-бөлүгү менен протокол түзүлүп, үч жаранга 5500 сомдон айып салынган:
- айдоочу Б.А.- 5500 сом;
- айдоочу Б.Т. - 5500 сом;
- айдоочу Н.Т. - 5500 сом.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.