super.kg logo
  Саясат  

Улуу Британиядагы мекендештер жумушка орноштурган компаниялардын ишин жөнгө салууну өтүнүштү

 

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Улуу Британиядагы расмий иш сапары башталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач төрага Шакиев Улуу Британиядагы кыргызстандыктар эмгектенген G’s Fresh айыл чарба фермасына барды.

Мекендештер менен өткөрүлгөн жолугушууда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтык акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, чет жерде эмгектенген жарандарды ата конушу Кыргызстан ар дайым күтөрүн айткан Шакиев аларды бүгүнкү Ак калпак күнү менен куттуктады.

Ал эми мекендештер бир катар маселелерге токтолуп, анын ичинен жумушка орноштуруу менен алектенген компаниялардын ишин жөнгө салууну өтүнүштү. Алардын айтымында айрым учурда келишимдер так аткарылбай, көйгөйлөр жаралган учурлар арбын.

Төрага айтылган бардык маселени эске алып, көйгөйлөрдү чечүү багытында тийиштүү мекемелер менен керектүү иштер жүргүзүлөрүн белгиледи. Андан соң ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, жетекчилери менен баарлашып, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарт жагдайды жеринде көрдү.

2012-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп келе жатканын айткан G’s Fresh айыл чарба фермасынын жетекчиси азыркы тапта 400дөй адам иштей турганын, анын 100дөн ашууну кыргызстандыктар экенин маалымдады. Ошондой эле козу карын, пияз, кулпунай өңдүү жер-жемиш азыктары өндүрүлүп, чыгарылган продукция Улуу Британиядагы муктаждыктын 40 пайызын камсыздай турганын кошумчалады. Тагыраагы, жумасына 165 тонна козу карын өндүргөн ферма Улуу Британияда эле 6,5 миң гектар жерди иштетип, буга кошумча кошуна өлкөлөрдө да иш жүргүзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: