super.kg logo

Кадамжайдагы психоневрологиялык ооруканадагы 19 адамдын аты-жөнү белгисиз экени аныкталды

 

Кадамжай районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде 19 адамдын өздүгүн тактаган документтери жок экени аныкталды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Билдиргендей, аталган институттун Баткен облусундагы өкүлчүлүгү райондук мекемеде бейтаптарга болгон катаал, адамгерчиликсиз мамилелерди, кыйноолорду алдын алуу жана юридикалык жардам берүү максатында мониторинг жүргүзгөн. Жыйынтыгында 15 эркек, 4 аял кишинин паспорту жок экени белгилүү болгон.

"Өздүгү такталбаган жарандардын аталган мекемеде жүргөнүнө көп жыл болсо да алардын кайдан, качан келгени, жашы канчада экени жана аттары белгисиз. Мисалы бул мекемеде 2011-жылдан бери жашаган жарандын өздүк ишинде анын ысымы "Белгисиз Жоро" деп жазылган. Бул атты мекеменин кызматкерлери берген. Анын чыныгы аты-жөнү, туулган жери, жашы тууралуу да маалымат жок. 2011-жылдан бери анын өздүгү аныкталбай, жакындарынын бар-жогу белгисиз", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле бул мекемеде 1983-жылдан бери жашаган эркек адамдын да өздүгү ушул кезге чейин аныкталбай келген. Алардын аты-жөнү өздөрүнүн айтканы боюнча гана жазылган.

Мындан улам Акыйкатчы Институту бейтаптардын укугун камсыздоо максатында тийиштүү мамлекеттик органдарга расмий каттарды жөнөткөн.

Аталган институт берген маалыматы боюнча 19 бейтаптын ичинен 11 адамдын туулгандыгы тууралуу документтери жок болуп чыккан. Андыктан алар туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай калган. Учурда 19 адамдын бирөөнө паспорт берилип, калган 7 бейтап боюнча өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

"Өлкөдөгү психоневрологиялык социалдык стоционардык мекемелердин 142 жашоочусунун паспорту жок. Алардын өздүгүн тактаган документтеринин жоктугуна байланыштуу өздөрүнүн социалдык-экономикалык жана башка укуктарын пайдалана алышпайт.

Мындай жайда жашагандар оор тагдырга кабылган кары-картаңдар, мүмкүнчүлүгү чектелгендер. Алар ар дайым башкалардын камкордугуна жана жардамына муктаж болгондуктан, документтерди калыбына келтирүү көйгөйүн өз алдынча чече алышпайт", - деп кошумчаланат маалыматта.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: