super.kg logo

Эмгек министрлиги психоневрологиялык ооруканадагы айрым бейтаптардын документтеринин жоктугуна түшүндүрмө берди

 
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги стационардык мекемеде документи жокторго документтерин бүтүрүп берүү үчүн кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган минстрликтин карамагында 17 социалдык стационардык мекеме бар. Аларда психоневрологиялык оору менен ооруган чоң адамдар жана балдар, өзүн-өзү тейлөө жөндөмүн, өз алдынча кыймылдоосун толугу менен же жарым-жартылай жоготкон майыптыгы бар адамдар жашайт.
Министрлик алардын документтерин бүтүрүп берүүдө айрымдары СССР учурунда төрөлгөндүктөн көйгөй жаралып жатканын айтты. Себеби аларга жаңы паспорт алуу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү же анын дубликаты жана нике күбөлүгү керек болот. Бирок алардын туулган жерлери КМШ өлкөлөрүнүн аймагында болгондуктан, туулган жерин тактоо боюнча башка мамлекеттерге жиберилген каттар жоопсуз калып жаткан.
Ошондой эле министрлик мекемелерде чет өлкөлүк жарандар бар экенин, өлкөдө аларды депортациялоону уюштуруу боюнча ченемдик база жок экенин кошумчалады.
Мындан тышкары мурда туруктуу жашаган жери жок бейтаптар паспортту же туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кайдан алганын туура көрсөтө албагандыгынан көйгөй жаралып жаткан.
Бул маселер боюнча Эмгек министрлиги жөнөкөйлөтүлгөн жол менен паспорт берүүнү иштеп чыгуу сунушу менен Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылган.
Буга чейин Акыйкатчы институту Кадамжай районундагы психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде 19 адамдын өздүгүн тактаган документтери жок экенин маалымдап, мамлекеттик органдарды психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: