super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин четинде көлмөгө чөгүп кеткен балдардын маселеси парламентте көтөрүлдү

 

Бүгүн, 6-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева балдар ойноп жатып сууга түшүп кетип каза тапкан Бишкектин четиндеги Мурас-Ордо конушундагы көлмө боюнча маселе көтөрдү

Эл өкүлү көлмөлөрдүн ээлери анын тегерегинде жашаган тургундардын коопсуздугун камсыз кылууда кайдыгер болуп жатканын айтты.

“Көлмөлөрдүн ээлери качып жүрөбү же мамлекетти тоготпой жатабы? Мен бул боюнча УКМКга жана Башкы прокуратурага кайрылам, аларды таап, эл менен жолугуп, макулдашып, көлмөлөр боюнча бир чечим чыгарышы керек”, - деди Сурабалдиева.

Эске салсак, 2-мартта Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушунда эки бала сууга чөгүп каза тапкан. Көлмөдө беш жаш бала музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткендиги маалым болгон. Алардын үчөөнү жергиликтүү тургундар суудан өз алдынча куткарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Куткаруучулар суудан 9-11 жаштагы эки баланын сөөгүн алып чыгышкан.

Жергиликтүү тургундар мындай каргашалуу окуя биринчи жолу эмес экенин, көлмөнү тосуп берүү өтүнүчү менен тийиштүү мекемелерге кайрылып, майнап чыкпаганын айтышкан.

15-январда Мурас-Ордо конушунда арыктан 5 жаштагы баланын жансыз денеси табылган. ӨКМ ага чейин аутизм оорусу менен ооруган 5 жаштагы бала изделип жатканын кабарлаган.

26-январда Сокулук айылынын Октябрь көчөсүндөгү көлмөнүн үстүндө тоңгон музда 3-класстын үч окуучусу ойноп жатып сууга түшүп кеткен. Алардын сөөгүн ИИМдин жана ӨКМдин кызматкерлери таап чыккан.

Ага чейин 8-январда Балыкчы шаарындагы Озерная көчөсүндөгү көлмөдө муз тээп жатып сууга түшүп кеткен эки баланы ӨКМ кызматкерлери куткарууга үлгүргөн.






Жогорку Кеңеш 06.03.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: