Электр жарыгын өчүрүүлөр качан токтойт? Министрдин жообу
10-марттан тарта электр жарыгына болгон чектөөлөр алынат. Бул тууралуу бүгүн, 6-марттагы Жогорку Кеңештин жыйыныда энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
Ал электр жарыгына болгон чектөөлөр 5-марттан баштап Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтериндеги агрегаттар оңдоого берилегени үчүн киргенин белгиледи.
Ал эми депутат Дастан Бекешевдин "Чектөөлөр качан токтойт?" деген суроосуна 10-марттан баштап алынарын айтты.
"8-марттан баштап 15-16 градус жылуу болору айтылууда. Бул убакыттын ичинде электр энергиясын пайдалануу азаят деп ойлойм. 10-марттан тарта чектөөлөр болбойт деп ойлойбуз" - деди министр.
Эл өкүлү Бекешев ага чейин электр жарыгына болгон өчүрүүлөрдүн графигин элге жарыялап турууну суранды.
Буга чейин Энергетика министрлиги өлкөдө жарык эртең менен жана кечинде 1-1,5 саатка өчүрүлүшү мүмкүн экендигин маалымдаган.
