"Жаан, кар жаайт". 7-мартка карата аба ырайы
Эртең, 7-мартта түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.
Ага ылайык, күндүз Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.
Аталган облустардын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5 градуска суук болушу күтүлөт.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз ала булут каптап турат. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 8…10° жылуу болот.
