super.kg logo

Үч жашар кыздын өлүмү: Анестезиолог менен медборбордун директору камалды

 

Иса Ахунбаев атындагы окуу-илимий дарылоо медициналык борборунда тиш дарылоонун натыйжасында 3 жаштагы кыздын өлүмү боюнча тергөө иштери уланууда. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 6-мартта ИИМдин маалымат кызматынан тастыкташты.

Маалымдалгандай, учурда кылмыш иши Алия Кубанычбекованын өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси иш козголгон. Милиция аны “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренесине өзгөртүп, ишти териштирүүнү улантып жатканы белгилүү болду.

Ага ылайык, кыздын өлүмү боюнча анестезиолог январь айынын ортосунда камакка алынып, Бишкек шаардык соту 31-январда аны үй камагына чыгарган. Кыздын жакындары соттун токтомуна нааразы болуп, бийлик жетекчилерине кайрылган. Соттун чечими менен үй камагында мурда тандалган баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасына өзгөртүлдү.

"Аталган факты боюнча медициналык борбордун директору да кармалган. Соттун чечими менен ал камакка алынган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: