super.kg logo

Бишкектин административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды

 

Бишкек шаарынын административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратты. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 6-мартта Бишкек шаардык сотунан ырастады.

Маалыматка ылайык, Бишкектин административдик соту мындай чечимди 1-мартта чыгарган. Мындан сырткары сот ушул эле округдан 2022-жылы шайлоого катышкан Абдурахманхажи Муртазалиевге мандат берүү токтомун чыгарган.

Муртазалиев буга чейин 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясына Шайлообек Атазовго байланыштуу чечимди жокко чыгаруу жана аны шайлоонун жеңүүчүсү деп таануу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок БШК анын арызын канааттандырган эмес. Андан соң ал сотко кайрылган.

2022-жылы февралда №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо өткөн. Буга 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бул эки округда "баарына каршы" добуш басымдуулук кылганы себеп болгон.

Шайлоонун жыйынтыгы менен №29 Свердлов округуна өткөрүлгөн кайра шайлоонун жыйынтыгында Абдурахманхажи Муртазалиев 17,54 пайыз добуш алып, жеңүүчү аталган. Ал эми Шайлообек Атазов 16,28 пайыз, Аскар Алмаз уулу 12 пайыз добуш алган.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш сатып алуу фактысына байланыштуу Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган.

Ал эми Атазов учурда Түркияда дарыланып жүргөнүн, кайра өлкөгө кайтып келе турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: