super.kg logo

Эми Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочулар автоматтык түрдө каттоого алынат

 
Бишкекте пилоттук режимде жол эрежесин бузууларды каттоого алуучу автоматтык система ишке киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин жолдорундагы автотранспорттун агымын тартипке келтирүү жана жол кыймылынын эрежелерин бузуу менен транспорт каражаттарын токтотууга байланыштуу жол тыгындарын алдын алуу максатында Бишкек мэриясы менен биргеликте Ички иштер министрлиги "Ураган" аппараттык-программалык комплексин колдонуу менен системаны иштеп чыкты.
"Бишкек ШИИББинин "Ураган" комплекси менен бирге борбор калаанын жолдорун бойлой айдап бара жаткан кызматкерлери жол эрежесин бузгандарды автоматтык түрдө каттайт", - деп айтылат маалыматта.
Бул чаралар унаалардын жол кыймылына тоскоол болгон уруксат берилбеген жерлерге токтоп калышына жол бербейт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: