Бишкекте короосунда туш кагаздарын өрттөгөн аялга мэрия айып пул салды



Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери экологиялык тартип бузуучуга чара көрүштү. «Арча-Бешик» жаңы конушунун жашоочусунун үстүнөн арызданган Facebook социалдык тармагынын колдонуучусунун кайрылуусу менен жеринде көчмө жыйын өттү.
Муниципалдык инспекция катталган маалымат боюнча ыкчам чараларды көрүп, Н. А. аттуу жаран тыюу салынган заттарды, туш кагаздарын, жана башка курулуш материалдарынын калдыктарын өрттөгөнү аныкталган. Ага карата "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү менен протокол түзүлүп, 7500 сом айып пул салынды.
"Тыюу салынган таштандыларды күйгүзгөндөн чыккан кара түтүн адамдын ден соолугуна зыян келтирип, экологияга терс таасирин тийгизип, Бишкек шаарыбыздын биологиялык ар түрдүүлүгүн жок кылууда", - деп билдиришти Бишкек мэриясынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.