super.kg logo

Муфтият 2024-жылдагы битир-садаканын өлчөмүн бекитти

 

2024-жылдагы битир-садаканын өлчөмү бекитилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.

Быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садака 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Базар баасы менен алганда ар бир адамга 50 сомдон эсептелди.

Буудайдан сырткары ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Базар баасы менен алганда мейиз – 680 сом, ун – 75 сом, арпа 85 сом болсо, курманын баасы 850 сомду түздү.

Битир-садаканы берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Бул азык-түлүктөрдүн баалары туруктуу эмес, алардын салмагына көңүл буруу керек. Битир-садаканы бул азыктардын баасындай акчалай нарк менен берсе болот.

Эскерте кетсек, бул жылы ыйык Орозо айы 11-мартта башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: