super.kg logo

Бишкекте түнкүсүн кароосуз жүргөн өспүрүмдөргө карата рейд жүргүзүлдү

 

Бишкектин Биринчи май районунда түнкүсүн ата-энесинин жана жакын адамдарынын коштоосу жок жүргөн жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Анын алкагында компьютердик клубдарда жана коомдук жайларда түнкү рейддин жыйынтыгында жашы жете элек 9 өспүрүм аныкталды.

"Аныкталган мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашы жете элек өспүрүмдөр мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Балдар боюнча протоколдор түзүлүп, мындан ары профилактикалык иштерди жүргүзүү жана социалдык жактан колдоо үчүн алардын жашаган жери боюнча тийиштүү каттар социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына жиберилет",-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, жашы жете электерге түнкүсүн (жайында 1-июндан 31-августка чейин) саат 23:00дөн 06:00гө чейин, башка убакта саат 22:00дөн 06:00гө чейин ата-энелердин жана жакындарынын коштоосу жок коомдук жайларда болууга тыюу салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: