Кайра шайлоо: Шайлоого катышуу ниеттин алгачкы талапкер билдирди
Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот. Ага биричи талапкер катталды. Бул тууралуу маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 6-мартка карата БШКга Алимберди Бегматов №2 Баткен округунан өзүн-өзү депутаттыкка талапкер катары көрсөтүүгө арыз түшкѳн. Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 26-мартта аяктайт.
"БШК 5-мартта Жогорку Кеңешке жаңы депутаттарды шайлоого кеткен чыгымдын сметасын бекиткен. Каражат республикалык бюджеттен бөлүнөөрү маалым болгон",-деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Ражабалиев бир мандаттуу №2 Баткен округу боюнча, ал эми Матраимов №9 Кара-Суу округу боюнча депутат болуп шайланып келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

Рейтинг:
0

