super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: "Бүгүнкү күндө билим берүү системасы минималдуу талаптарга жооп бербейт"

 

Учурда билим берүү системасы минималдуу талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында билдирди.

Анда өкмөт башчы кыска убакыттын ичинде мектептердин окуу программаларын толук ыңгайлаштыруу боюнча планды иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Ошондой эле билим берүү тармагы өлкөнүн келечегинин өзөгү экенин жана өзгөчө көңүл бурууну талап кыла турганын баса белгиледи.

“Бизге билим берүү тармагында кардиналдуу өзгөрүүлөр керек. Биз ар бир окуучунун потенциалын толук ачууга милдеттүүбүз. Алардын ар бирине Кудай талант берген. Мектептердин жана мамлекеттин милдети - ар бир окуучуга жеке мамилени табуу жана ага өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон ресурстарды берүү. Адамдык капитал – биздин эң чоң байлыгыбыз. Мамлекет башчысы тарабынан социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча алдыга коюлган амбициялуу максаттарга жетүүнүн негизги шарты – бул эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана жаштарыбыздын билиминин жана жөндөмүнүн сапатын бир нече эсеге жогорулатуу”, - деди төрага.

Ошондой эле Жапаров жыйындагы айымдарды келе жаткан 8-март — Айымдардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: