super.kg logo

Депутат Кыргыз жараны Тажикстанда тыңчылыкка шектелип кармалганын айтты

 

Бүгүн, 7-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Кыргыз жараны Тажикстанда тыңчылыкка шектелип кармалганын билдирди.

"Юлдашев Кубатбек деген биздин жараныбыз, мурдагы Тажикстандын жараны 2022-жылы август айында Исфананга өзүнүн ата-энесинин үйүнө барган экен. Ошол маалда сентябрда согуш чыгып кеткенде алардын атайын кызматы биздин жаранды "тыңчысың" деп кармап, 13 жылга камап коюптур.

Азыр 2 жылдан бери ошол жерде жатат экен. Ал жерде эч кандай тиешеси деле жок да, мындайча айтканда жөн гана бир атайын кызматтын кызматкеринин сыйлыгы үчүн эле курмандыкка чалынып калды. Бирөөнүн көрсөткүчү катары эле кармалып, камалып калды да", - деди Айжигитов.

Ошондой эле депутат Тышкы иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Акыйкатчыга протоколдук тапшырма берилип, бул маселенин чечилишин талап кылды.






Жогорку Кеңеш 07.03.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: