Бишкекте "Charge fast" каржы прамидасынын негиздөөчүсү кармалды

Маалыматка ылайык, быйыл март айында Биринчи май РИИБине 100дөн ашуун жаран "Chargefast" (Тез заряд) компаниясынын ээлерине карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Алар акчаны эки эсе көбөйтүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен көп суммадагы акча каражаттарын ээлеп алышкан. Андан кийин убадасын аткарбай, жүргөн жерин жашырышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесине (Финансы пирамидаларын уюштуруу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Атлаган пирамиданын эң негизги уюштуруучусу катары 1981-жылы туулган С.С. аттуу шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Эске салсак, "Charge fast" (Тез заряд) каржылык компаниясынын эки өкүлү – 33 жана 29 жаштагы кыздар алгач 2-мартта Бишкек шаарында кармалган. Ал эми 4-мартта Каракол шаарында каржылык топко тиешеси бар 47 жана 49 жаштагы эки аял кармалган.
Ошондой эле 4-мартта компаниянын эң негизги уюштуруучуларынын бири 48 жаштагы жаран жана 29 жаштагы дагы бир жаран Бишкектен кармалган.
Бул маселе бүгүн, 7-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлүп, анда депутат Кундузбек Сулайманов өлкөдө "Charge fast" деп аталган каржы пирамидасынан жабыр тарткандар көбөйүп жатканын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.