Улуу Британиядагы белгилүү университеттин биринде кыргыз тили курсу ачылары айтылды




Жогорку кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Улуу Британиядагы иш сапары учурунда Оксфорд университетинде кыргыз тилин окуткан курс ачылары айтылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, төрага аталган өлкөнүн парламентиндеги Кыргызстан боюнча партиялар аралык парламенттик топтун жетекчиси Роберт Стюарт менен жолугушту. Анда парламенттер аралык байланыштын бүгүнкү күндөгү абалы талкууланып, кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү маселелери талкууланды.
Нурланбек Шакиев быйыл эки өлкө ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлгөндүгүнө 32 жыл толгондугун эске салды.
"Бул убакыт аралыгында үзгүлтүксүз диалог калыптанып, мамлекеттер аралык байланыш түптөлдү. Бирок ал реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү камтыбайт. Андыктан, кызматташтыкты дагы күчтөндүрүп, соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүбүз кажет. Кыргызстан энергетика, тоо-кен жана туризм жаатында Британиянын ишкерлери менен кызматташууга кызыкдар", – деди Нурланбек Шакиев.
Өз кезегинде Улуу Британиянын парламентинин өкүлү Роберт Стюарт өнөктөштүктү өнүктүрүүдө парламенттердин ролу чоң экенин белгилеп, биргешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы пикирлери менен бөлүштү.
Мындан тышкары тарыхый сапардагы маанилүү маалымат катары Оксфорд университетинде кыргыз тилин окууну каалагандар үчүн курс ачыларын кошумчалады.
