super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча жарлыкка кол коюлду

 

Президент Садыр Жапаров 2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча мамлекеттик программасын бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу презиленттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, программа аялдардын өлкөнүн саясий, экономикалык жана коомдук турмушуна активдүү катышуусу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле негизги чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатууга багытталган.

Ага ылайык, программанын максаты мамлекеттик саясаттын гендердик теңчилик жаатындагы артыкчылыктарын белгилөө жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Мамлекеттик программада комплекстүү иш-чаралар каралган, анын ичинде:

- аялдардын коомдогу ролу жана маанилүү чечимдерди кабыл алууда активдүү катышуусу тууралуу коомдук пикирди колдоо жана маалымдуулукту жогорулатуу максатында маалыматтык кампанияларды өткөрүү. Бул кампаниялардын негизги аспектилеринин бири аялдарды кадрлар резервине киргизүүгө түрткү берүү болот.

-жетекчилик кызматтарга умтулган аялдар үчүн окутуу жана кесиптик өнүгүүнү камсыз кылуу. Бул алардын лидерлик жөндөмдөрүн жана компетенцияларын өнүктүрүүгө салым кошкон билим берүү программаларды, тренингдерди камтыйт.

- жетекчи кызматтарга аял талапкерлерди даярдоо системасын иштеп чыгуу жана дайындалгандан кийин алардын квалификациясын жогорулатуу.

Аталган мамлекеттик программа Кыргызстандагы аялдардын саясий, экономикалык жана коомдук турмуштагы ролун бекемдөөгө умтулат. Бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана алардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү жолу менен өлкөнү өнүктүрүү боюнча максаттарга жетүүдө, ошондой эле адилеттүү жана тең укуктуу коомду түзүүдө негизги фактор болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: