super.kg logo

Акыйкатчы аялдардын укугун коргоо маанилүү экендигин белгиледи

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өлкө айымдарын 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, аялдардын жана кыздардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо маанилүү экендигин белгиледи.

"Урматтуу айымдар!

Сиздерди жаркыраган жазда кирип келген 8-март майрамыныздар менен куттуктайм. Аялдардын укугун коргогон бул маанилүү майрамда каалоорум ар бир аял заты, кыздарыбыз камкордукка, сүйүүгө бөлөнүп коопсуздукта жашасын.

Аялдардын укугун коргоо - Акыйкатчы институтунун өзгөчө көңүл чордонунда.

Бүгүнкү күндө үй- бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу, ошондой эле кыздарыбызды эрте никеден коргоо багытында системалык түрдө иш алып баруу абдан маанилүү. Мындай актуалдуу көйгөйдү чечүүдө коом менен мамлекеттик органдар бирдиктүү иш алып баруусу зарыл.

Ар бириңиздерге, урматтуу айымдар, өз укуктарыңыз менен эркиндиктериңизди, билимиңизди жана жөндөмүңүздү ийгиликтүү ишке ашырууну каалайм", - деп жазылат акыйкатчынын куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: