super.kg logo

"48 сааттын ичинде". АКШ элчилиги Москвада террордук чабуулдар болушу мүмкүн экенин эскертти

 

АКШнын Москвадагы элчилиги Орусиядагы өз жарандарына жакынкы 48 саатта теракт коркунучу бар экенин эскертип, аларды коомдук иш-чараларга баруудан алыс болууга чакырды. Мындай маалымат элчиликтин расмий сайтына жарыяланды.

Дипломатиялык өкүлчүлүк мекендештерине жергиликтүү ЖМКлардагы акыркы кабарларга көз салып, айланасында болуп жаткан окуяларга көңүл буруп турууну сунуштады. Эскертүү сайттын англис тилиндеги версиясында гана пайда болду, орусча баракчасында мындай жарыя жок. АКШнын Москвадагы элчилиги башка маалымат берген жок.

"Элчилик экстремисттер жакынкы убакта Москвада эл чогулган жерлерге, анын ичинде концерттерге кол салууну пландап жатканы тууралуу кабарларга көз салып турат. АКШ жарандарына жакынкы 48 саат ичинде эл көп чогулган жерлерден оолак болууга кеңеш берет", - деп жазылды АКШ элчилигинин билдирүүсүндө.

Орус бийлиги АКШ элчилигинин бул билдирүүсүнө комментарий бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: