"Яшар Догу": Жакында эле финалда күрөшкөн эки кыргыз балбаны кайра бири-бирине туш келип калды
Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча "Яшар Догу" эл аралык турниринде эркин күрөш боюнча чүчү кулак болуп өттү.
70 килограмм салмакта аталган турнирге эки кыргыз балбаны, тагыраагы Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмонов барган. Чүчү кулактын жыйынтыгында эки балбан биринчи беттешинде эле бири-бири менен күрөшмөй болду.
Кыргыз балбандары 1/8 финалда күрөшөт.
Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмонов быйылкы өлкө чемпиондугунун финалында кез келген. Анда Эрназар Акматалиев жеңишке жетип, өлкө чемпиону аталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.