super.kg logo
  Спорт  

Жоламан менен Айсулуу престиждүү делген "Яшар Догу" турниринде алтын утту

 

Кыргыз балбандары Айсулуу Тыныбекова менен Жоламан Шаршенбеков Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан "Яшар Догу" эл аралык турниринде алтын медаль утту.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта катышып, финалга жетти. Финалда кыргыз балбаны казакстандык Ирина Кузнецова менен кез келип, атаандашынын үстүнөн 5:0 эсебинде жеңишке жетип, алтын байгеге ээ болду.

Турнирге 60 килограмм салмакта катышкан Жоламан Шаршенбеков алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, Казакстан, Түркия, Өзбекстандын балбандарын 3 жолу катары менен жеңип, финалга чыкты.

Чечүүчү кармашта Шаршенбеков ирандык балбанды жеңип, турнирдин жеңүүчүсү аталды.

Ошондой эле кыз-келиндер күрөшүнөн Калмира Билимбек кызы дагы коло байге утту.

Учурда Кыргыз курамасы бул турнирде 3 алтын, 3 коло байге утту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: