Пакистанда студент WhatsApp'тагы билдирүүлөрү үчүн өлүм жазасына тартылды
Пакистандын соту Мухаммед пайгамбарды кемсинткен WhatsApp билдирүүлөрү үчүн эки балага өкүм чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Бул иш боюнча айыпталуучулар 22 жаштагы студент жана 17 жаштагы бала болгон. Биринчиси Мухаммед пайгамбарды жана анын аялдарын кемсинткен сүрөттөрдү жана видеолорду жаратканы үчүн өлүм жазасына кесилген, экинчиси мазмунду таратканы үчүн (ал жашы жете элек болгондуктан) өмүр бою эркинен ажыратылган.
Аларга карата арызды жергиликтүү тургун жазган. Анда ал уюлдук телефонуна пайгамбарды кемсинткен фото, видеолор келип жатканын айтып, алардын авторун жоопко тартууну талап кылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.