super.kg logo
  Саясат  

Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды куттуктады

 

Коңшу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев өлкө башчы Садыр Жапаровду жана Кыргыз элин ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Куттуктоону президенттин администрациясы жарыялады.

“Сизди, бардык жакындарыңызды жана боордош кыргыз элин бүткүл мусулман жамааты чоң сүйүнүч жана кубаныч менен тосуп алган ыйык Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм. Көптөгөн кылымдар бою жалпы тарыхый, диний, маданий жана агартуучулук баалуулуктарын бирдей ыйык тутуп келген боордош элдерибиз Орозо айын боорукердик, сабырдуулук жана береке сыяктуу сапаттардын өзгөчө үлгүсү катары жогорку маанайда тосуп алышат.

Улуу жана сыйлуу айдын ушул берекелүү жана жаркын күндөрүндө биз мындан ары да мамлекеттерибиздин ортосундагы ар тараптуу жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетип, боордош элдерибиздин мамилелерин бардык тармактарда тездик менен өнүктүрүүгө ниеттенебиз”, - деп айтылат куттуктоо катында.

Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана жоопкерчиликтүү ишмердигинде зор ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Кыргызстан элине тынчтык, бейпилдик, ырааттуу өнүгүү жана бакубатчылык каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: