ПОЭТЕРАПИЯ: "Салыштырдым көктөгү жарыктарды, сенден өткөн ааламда жарык барбы?..."
SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы акын Саид Султан-Али.
Саид Султан-Али 1998-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында төрөлгөн. Аталган шаардагы Михаил Фрунзе атындагы орус мектебин бүтүргөн. "Орус мектебинде кыргыз класста билим алгам" деген каарманыбыз жогорку окуу жайын дагы Кара-Көл шаарында аяктаган. Кесиби боюнча энергетик. Учурда Токтогул ГЭСинде иштейт. Мындан тышкары жеке ишкерлик менен дагы алектенет. "Ишкерликти досум экөөбүз өнөктөш катары баштадык. Учурда "Ойгон" аттуу кофеканабыз өз кардарларын таап, иштеп жатат. Алдыда Жалал-Абад шаарына дагы ачууну пландаштырып жатабыз" дейт жаш акын. Үй-бүлөлүү, 1 уулдун атасы.
"Окуучу кезимде ыр чиймелеп калчумун. Бирок олуттуу деле мамиле кылчу эмесмин. Кийинчерээк 20 жашымдан баштап ыр жазууга киришип калдым десем болот", - дейт акын.
Салыштыруу
Ак сүйүүмдү салыштырсам сага болгон:
сүт уялып жанында кара болгон.
Салыштырдым көктөгү жарыктарды:
сенден өткөн ааламда жарык барбы?...
Салыштырсам өзүмдү сени менен:
бир мусапыр басат экен пери менен.
Сүрөтчүнүн кыялында тартылбаган,
мен бир кеме, а сен болсо деңиз элең.
Ааламдагы жылдыздырды кыймылдаткан,
формуланы түзүп койгон Кудайга,
Ишим түшүп мына бүгүн ыйык бактан,
Намазымды окуп турам бул айда:
“Алып берчи ак берметти ылайга”.
Периге
I
Кара-Көл бүгүн бүркөк,
бир пери эзген канды.
Араңдан соккон жүрөк,
жолуккан сендей жанды... .
II
Күрөң көз, куп-курч мүнөз,
шамалды каккан канат.
Нур төгүп, кыйнап жанды,
жарыгың жаш чыгарат.
Ийнедей кымча белиң,
жарашып аппак канат.
Мендеги өчкөн сезим,
жолуксак кайра жанат.
"Периште, назик жүздүү",
а бирок, сөзүң орой.
Кемсинтүү далай жүздү,
сен үчүн абдан оңой.
А балким, ак булуттар,
өзүңдөн жаралганбы?
Чогулуп ар бир тушта,
төгүшөт жалаң жамгыр.
III
Кара-Көл бүгүн бүркөк.
эх, шаарым эзбе канды.
"Жаны суук, темир жүрөк"
жаратпа
мындай
жанды.
Башка менен
Тоолор да кулайт чыгар чыдабастан,
А кантип тура бермек кулабастан?..
Кусалык сенде жаткан атып чыкса,
Дүйнөнү төрт көтөрмөк сурабастан.
Ал сага баарысынан жакын эле,
Анда да жөн жан эмес акын эле.
Кусадан даба таппай калсаң эгер,
Көңүлгө жыпар жыттуу атыр эле.
“Суранам, алмаштырба башка менен,
Атыңды жазып алдым ташка!”- деген.
Эми азыр басып жүрөт кол кармашып,
Экөөңөр баскан жолдо башка менен.
...
Ар түнү асман тиктеп айтам ага:
“Уйкумду кайрып берчи кайта мага!”.
Текебер муздак Айды ээрчип алып,
бал уйкум учуп жүрөт кайда гана?..
Көргөндөр айткылачы,
издеп жүрөм…
Түш көрбөй,
тирүүлүктөн
кирдеп жүрөм.
...
бир кезде күйүп жанчы эле ошол от болуп.
жаныма жакпас жумушка арнап өмүрдү,
жанымдын өзү баратат өчкөн чок болуп.
мен күткөн элес, эңсеген кыял алыспы?
көп күчүм кетти аша албай ошол арышты.
боору таш турмуш ар тарап кысып, жүдөтүп,
өчү бар өндүү мен менен мезгил
жарышты.
мойнумда милдет - сезилет чоң иш кылчудай,
аракет болсо тоңгон муз деле сынчудай.
кичине гана кыймылга келсем, а бирок,
мезгилим мени кайра эле муштап урчудай.
калдайып, тиктеп, турамын карап жолду улам,
карекке толгон тамчыларды күүп көз жумам.
тобокел салып: “мына, эми учам”- деп туруп,
тоо сымал катып жыла албай турам ордуман.
мен жазган ырлар эч келбей турат өңүнө,
жаза албай анан чылымды тартам сөгүнө.
а бирок кээде көзүмдөн учкан жаш болуп,
саптарым түшөт шурудай жерге төгүлө.
"Ырларымды китеп кылып чыгарууга деле шашылбай элемин. Анткени азыркы учурда чыгармачылыгың менен тааныштырууда социалдык тармактар эң сонун мүмкүнчүлүк", - дейт каарманыбыз.
