super.kg logo

там куткаруучу, апам "Тез жардам" кызматында дарыгер. Куткаруучулардын үй-бүлөсү ар дайым даярдыкта турат". Баткендик куткаруучу менен маек

 

Куткаруучулук кесиптин ээлери биздин арабызда жүргөнү менен, алардын оюнда, дилинде, тилегинде да ар дайым эл-жердин тынчтыгы турат. “Эч кандай кырсык катталбаса, айттырбай келген тилсиз жоо чыкпаса, эч ким зыянга учурабаса экен” деген ак тилек ар бир ӨКМ куткаруучусуна таандык.

Ошентсе да ар дайым күжүрмөн даярдыкта турган аскер кызматкерлердин бири, Сүлүктү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кароол башчысы, лейтенант - Акжол Ибрагимов. Ал бул кызматка келген 2 жыл аралыгында көп окуяларды баштан кечиргендигин айтат. Эмесе, сөз башынан болсун.

Акжол Ибрагимов кенчилердин шаары болгон Сүлүктүнүн кулуну. Ал 1996-жылдын 5-майында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу. Атасы Жаныбек Ибрагимов ӨКМнын Тоо кырсыгынан куткаруу кызматында куткаруучу, апасы дарыгер болгондуктан Акжол бала кезинен эле жарандарга жардам берүүгө, куткаруу иштерине кызыгуусу арта баштаган.

Бирок орто билимге ээ болгон соң Бишкек шаарындагы Кыргызстан Эл аралык университетинин экономика адистигине тапшырып, билимин улантат. Ал аралыкта убактысын текке кетирбестен аскердик кафедрада окууга да жетишет.

“Алма сабагынан алыс түшпөйт” дегендей ата жолун жолдогон Акжолдун үй-бүлөсү дагы бир куткаруучу менен толукталат. Себеби ошол кезде жаңыдан аскерлештирилип жаткан Сүлүктү шаарындагы өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө алгачкы эмгек жолун баштап, кароол башчы кызматына кабыл алынат.

Өрт өчүрүүчү-куткаруучу катары жалын менен гана күрөшпөстөн шаарда өрт кырсыктарынын алдын алуу, ар кандай өзгөчө кырдаалдар учурунда кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине да активдүү катышып, министр Бообек Ажикеевдин “Алкыш барагын” алууга жетишкен. Учурда келинчеги экөө 2 уулду тарбиялап өстүрүүдө.

“Эртең менен баарыбыз өз жумушубузга кетебиз. Кээде түн ичинде жумушка чыгып кеткен учурлар да болот. Себеби, биздин жумуш ушундай. Апам да "Тез жардам" кызматында эмгектенген үчүн ар кандай убакытта чакыруу түшүп калат. Ошондуктан биздин үй-бүлө элге жардам берген мындай гумандуу кесиптин түйшүгүнө көнүп калганбыз.

Азыр балдарым да аскердик форма кийгенимди көрүп, сиздей куткаруучу болом деп шыктанып калышкан. Жумушка узатып же үйгө келгенде да аскердик саламдашуу менен тосуп алышат. Анын үстүнө көчөдө баратканда да бир туугандай жакын учурашып, ыраазычылыгын айткандарды көргөндө өз жумушуңа болгон урмат, сый да жогорулайт.

Бул кесипти тандаганыма өкүнбөйм. Мекенибиз тынч, элибиз аман болсо, биз өз кызматыбызды ак ниеттүүлүк менен аткарууга ар дайым даярбыз”, - дейт каарманыбыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: