Шаардын көрктөндүрүү эрежелерин үч курулуш компаниясы бузду. Алар кайсылар?




Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясы Ленин районунун аймагында рейд учурунда үч курулуш компаниясы тарабынан мыйзам бузуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Алар:
- Ак-Өргө конушундагы «Дор Курулуш Групп» ЖЧКсы ;
- Б. Алыкулов көчөсүндөгү «Ресурс курулуш компаниясы» ЖЧКсы;
- Д.Садырбаев көчөсү, 79 дарегиндеги «Азат Строй Сервис» ЖЧКсы.
Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 177-беренесинин 2-бөлүгү менен протоколдор түзүлүп, 23 миң сомдон 69 миң сомго чейин айып салынды.
Ушундай эле мыйзам бузуу менен 08 kg 135 ABR мамлекеттик номурдагы бетон аралаштырган унаанын ээси И.В.га айып протоколу түзүлдү. Ал унаасынын дөңгөлөктөрүндөгү топуракты тазалабастан айдап, көчөнү булганган. Ал үчүн аталган оор техниканын ээсине 7500 сом айып пул салынды.
Ошондой эле унаалардын дөңгөлөктөрүнүн тазалыгын милдеттүү түрдө кароо керектигин, кир дөңгөлөктөр менен шаарда жүргөндөргө айып пул салына турганын эскертишти.
