Спорт тармагында ыйгарылуучу Сатымкул Жуманазаров атындагы шаардык сыйлык өз ээлерин тапты



Сыйлыктарды Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров тапшырды.

Сыйлыктарды Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров тапшырды.

Кусеин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетинин чоң залы спорт ишмерлери жана спортчуларга толду.
Бүгүн, 19-декабрда СССР спортунун чебери, жеңил атлетика боюнча “Москва-1980” Олимпиадасында коло медаль тагынган Сатымкул Жуманазаров атындагы Бишкек шаардык сыйлыгын тапшыруу аземи болду.
Кечеде 2013-жылдагы ата мекендик спортко баа берилип, аталган сыйлык ээлерине сертификат, медаль, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер ыйгарылды.
Сыйлык тапшыруу аземине дене тарбия жана спорттун өнүгүшүнө салым кошкон машыктыруучулар, спортчулар, спорттук командалар, окутуучулар жана ММКлардын өкүлдөрү татышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.