Эскертүү! Бул апта аба ырайы кескин өзгөрөт
13-15-март күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка карганда, 13-14-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
13-15-март күндөрү абанын температурасы төмөндөйт:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1…+4°;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6°, күндүз -3…+2°;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9° жылуу;
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2°;
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -3…-8° суук;
Бийик тоолуу райондордо жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -16…-21°, күндүз -6…-11° суук болушу күтүлөт.
Мындай суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
