"Эскертүүлөр берилди". Бишкекте коомдук транспорттун айдоочуларына жыйын болду



"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" жана "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканалары жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында айдоочулар арасында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери, “БЖАИ” жана "БТБ" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жана автобус, троллейбус айдоочулары катышты.
Ага ылайык, автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча маселе каралып, айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эрежени сактабаган айдоочуларга ыкчам чараларды көрүү боюнча милдеттер коюлду.
"Жыйындын натыйжасында жол кыймылынын эрежелерин сактабаган, накталай эмес төлөм жүгүртүүдө каражаттарды ысырап кылган айдоочуларга өтө катаал чаралар көрүлөрү эскертилди",-деп айтылат маалыматта.
