super.kg logo

SUPER.KG порталынын каарманы: "Кырсыктаганда келинчегим жаш баладай бакты"

 

SUPER.KG медиа порталынын бул жолку каарманы Чыңгыз Бейшеев. Ал мындан 5 жыл мурун жүк ташуучу унаасы менен Кара-Кечеден көмүр алып келе жатып тормозу иштен чыгып, кырсыкка кабылган. Ал башкаларды сүзүп албайын деп унаасы менен кошо сайга түшүп кеткен.

"Ошол жүк ташуучу унаадан аман калганыма көптөр таң калышат" деген каарманыбыз басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билген күндөн бери үмүтү жанып турган учур.

"Басып кетем деген үмүт менен Бишкектеги жана чет өлкөдөгү бир катар клиникаларга бардым. Азыркы учурда Түркия мамлекетинде 38 миң долларга операция жасатууга муктаж болуп турам. Андан кийин басып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар деп убада кылып жатышат.

Кырсык болгондон бери 5 жылдын ичинде бир топ эле кыйынчылыктар болду. 8 ай кыймылдабай төшөктө жатып калдым. 4 жылдан бери коляскада жүрөм. Мен кырсыктаганда балам 6 айлык, кызым 2 жашта болчу. Келинчегим балдарыма кошуп, мени да бала баккандай эле бакты. Бирок башка келген сыноо экен деп, сыноону көтөрүп келе жатабыз", - дейт каарманыбыз.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Чынгыз Бейшеев

Мбанк : 0709757818

О’деньги : 0709757818

Единица :0709757818

Элкарт: 9417 0885 8713 5230

CHYNGYZ BEYSHEEV

Видеону толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: