Кайгуул кызматы жол чырак иштебей калганда өз алдынча жолду жөнгө салгандарга кайрылды
Акыркы учурларда жол тыгындары катталган учурда жарандар тарабынан эч кимдин уруксаты жок тийиштүү кызматтарды чыкырбастан өз алдынча жолду жөнгө салып жаткан жарандар көбөйүүдө.
Мындай көрүнүш абдан кооптуу экендигин Милициянын кайгуул кызматы билдирди. Анткени эч кандай тажрыйбасы жок, көрүнгүдөй чыптамасы жок ышкырыгы жана тийиштүү шаймандары жок жолдун ортосуна чыгып туруп алган жаранды башка унаалардын сүзүп кетүү коркунучу абдан жогору.
"Андыктан, урматтуу жарандар, жол чырактар иштебей жол тыгыны пайда болгон учурда шашып жолго чыга калбастан сөзсүз 102 кызматына чалып тйиштүү кызматтарга кабар бериңиздер", - деп билдиришти Милициянын кайгуул кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.