super.kg logo

"Терезеден тулку боюн чыгарып...".  Үлпөт той кортежинде жол эрежесин бузгандарга 30 миң сом айып салынды 

 

Үлпөт той кортежинде жол эрежелерин бузган айдоочуларга 30 миң сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Hyundai Sonata жана Nissan Tiida үлгүсүндөгү унаалардын ичиндеги жарандар терезеден тулку боюн чыгарып, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып жаткан видео социалдык тармакка тараган.

Видео боюнча Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иштерин жүргүзүп, натыйжада аталган унааларга 30 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Ал эми унаалар айып короо жайына токтотулган.

Ошондой эле ЖКККББ экинчи ирет жол эрежесин бузган учур катталганда алты айлык мөөнөткө айдоо укугунан ажыратыла турганын эскертет.







Үлпөт той кортежинде жол эрежесин бузган унааларга 30 миң сом айып салынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: