super.kg logo

Орусияда кароосуз калган 3 өспүрүм өлкөгө алынып келинди

 

Орусиянын Новосибирск облусунан кароосуз калган 3 өспүрүм бала алынып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады.

Маалым болгондой, алар Жашы жете элек балдардын укук бузууларынын алдын алуу борборуна жайгаштырылган.

Аталган борбор КМШ өлкөлөрүндөгү балдар үйлөрү, жашы жете электерди убактылуу кармоочу жайлары, эл аралык уюмдар менен кызматташат.

Профилактикалык жана тарбиялык иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин өспүрүмдөр туугандарынын колуна өткөрүлөт. Алынып келинген өспүрүмдөр Ош облусунун Ноокат районунда туулгандыгы аныкталган.

"Кайтарылып берилген жашы жете электердин үй-бүлөдөгү жашоосу жана тарбия шарттарын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп, башка мамлекеттин аймагында болуу себептери такталды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: