super.kg logo

Камчыбек Көлбаевге тиешелүү делген "Кристалл" заводу мамлекеттин менчигине кайтарылды (видео)

 

"Кристалл" компаниясы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалымдалгандай, Камчы Көлбаевдин адамдары "Кристалл" ААКнын аймагында атайын "Компьютер Павер центр" аттуу ЖЧКсын түзүшүп, 2019-жылдын май айынан 2020-жылдын октябрына чейин тийиштүү уруксат кагаздары жок майнинг-ферманы техникалык жабдуу иштерин аткарып келишкен.

Ага ылайык, ишкананын аткаруучу директору катары Таш-Көмүр шаарынын тургуну О.М. көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө финансы маселелерин Көлбаевдин өкүл баласынын Т.А. аттуу жакын адамы башкарып турган. Майнинг-ферманы ишке киргизүүнүн негизги максаты Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого багытталган.

"Ири майнинг-ферманын ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн "Аю-Холдинг" корпорациясынын мүмкүнчүлүктөрү пайдаланылган. Анткени "НурАлЭнерго" энергетикалык компаниясы аталган корпорациянын түзүмүнө кирет. Ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого көмөктөштүү үчүн "Кристалл" заводун электр энергиясы менен камсыз кылууну пландаштырган", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми "Кристалл" компаниясынын мүлкү "Компьютер Павер центр" ишканасынын менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгени аныкталып, Таш-Көмүр райондук соту 10-январда "Кристаллды" мамлекеттин менчигине кайтаруу чечимин чыгарган.

Ошондой эле УКМК "Кристалл" заводу заманбап электротехникаларды өндүрүүгө керектелген кремнийди чыгарган стратегиялык мааниге ээ объект экенин белгилеп, ишкана чет элдик инвесторлордун кызыгуусун арттырып жатканын маалымдады.






12.03.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: