super.kg logo

"Көлбаевди каржылаган". УКМК "Паша Кореецке" эл аралык издөө жарыялады

 

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган орусиялык ишкер, "Капитал Групп" компаниясынын ээси Тё Павел Владимировичке издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Братский круг" эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Орусиянын ири ишкерлеринин бири - Тё Павел Владимирович (криминалдык чөйрөдө "Паша Кореец" катары белгилүү) тарабынан "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин каржылоо фактылары аныкталган.

"Тактап айтканда, П.Тё Кыргыз Республикасынын аймагында колдоо алуу жана биргелешкен бизнес жүргүзүү максатында крим чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен, ошондой эле КР аймагында издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Азим Рой (Көлбаевдин өкүл атасы), оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон Руслан Чалдоварский менен байланыш түзгөн.

Ошол эле учурда П.Тё К.Асанбектин криминалдык статусун билип жана түшүнүп туруп, ага КР аймагында кыймылсыз мүлк объекттерин курууга каржылык жардам көрсөткөн. Мындан тышкары, П.Тёге карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен сыртынан камакка алуу туралуу баш коргоо чарасы тандалып алынып, сот органынын токтому менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн издөө да жарыяланган", - деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда Т.П.га карата эл аралык издөө жарыялоо максатында КМШ өлкөлөрүнүн аймагында да тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: